Бул макалдын маани - маңызы боюнча кыргыздар чоң үй деп аттуу - баштуу эл бийлеген бектер жашаган үйдү айтышкан. Ал эми кичүү үй деп, ошол чоң үйдөгү жашагандардын кызматын кылган, жылкычы, койчу, казанчылары жашаган үйдү аташкан. Буга ылайык чоң үйдөгүлөр күлсө, кичи үйдөгүлөр айла жоктон кошомат үчүн да күлгөнгө аргасыз болушкан. Бул эреже бүгүнкү күндө деле кошоматчылыктын айынан өз маанисин жоготпой келет.