Алыстан конок болуп келген жолдошуңа, эки - үч жилик эт салып берсең, ага деле тойот, тойбодум дебейт. Бирок "Кардыма таарынбайм, кадырыма таарынам" деп, "эмне үчүн ат арытып алыстан келсем бир козу сойгонго жараган жоксуң" деп айтары анык. Макалдын мааниси ушул жагдайда чечмеленет.